Кыргызстан менен KOICA кызматташуунун негизги аспектилерин талкуулады

2024-жылдын 23-январында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) КР кеңсесинин директору Ли мырзанын Чонсу, КР миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун негизги аспектилери талкууланды. Министр Амангелдиев Кореяга узак мөөнөттүү жана ишенимдүү өнөктөштүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди. Өзгөчө көңүл мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана аймактарды өнүктүрүү сыяктуу түрдүү тармактарда Кыргызстанга жигердүү колдоо көрсөтүп келе жаткан KOICAнын ролуна бурулду.

Ошону менен бирге министр Ли мырзанын эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана пландаштырылган долбоорлорду алдыга жылдырууга кошкон жеке салымын белгиледи.

Ли Чонсу мырза ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты координациялоодо KOICAнын контр-өнөктөшү катары министрликтин маанилүү ролун белгилеп, ар тараптуу жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.