Айыл чарба секторундагы ири долбоорлорду Дүйнөлүк банк колдоого даяр

2024-жылдын 23-январында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Торобаев Дүйнөлүк банктын регионалдык Борбордук Азия боюнча директору Татьяна Проскурякова, ошондой эле Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хасан Накви менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Торобаев өз сөзүндө Кыргызстандагы суу ресурстарынын жана айыл чарбасынын учурдагы абалы, ошондой эле өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн билдирди.

Жолугушууда өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү максатында айыл чарбасындагы инновациялык ыкмаларды, сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен сууну туруктуу пайдалануу, кайра иштетүү өнөр жайларын жана соода-бөлүштүрүү борборлорун өнүктүрүү сыяктуу маанилүү аспекттер белгиленди.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова финансылык жардамдын көлөмүн көбөйтүү мүмкүндүгү каралган кызматташуунун үч маанилүү багытын, атап айтканда энергетика, суу ресурстары жана айыл чарба секторун белгиледи.

Ошондой эле Дүйнөлүк банк тобунун аткаруучу директорлорунун Кыргызстанга боло турган иш сапарынын маселелери жана 2024-жылдын апрелинде Бишкек шаарында өткөрүлө турган Агрфорумдун уюштуруу маселелери талкууланды.