> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кореянын элчилиги Бишкектин милициясына үч электромобилди тапшырды
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2024/01/25/korieianyn-elchilighi-bishkiektin-militsiiasyna-uch-eliektromobildi-tapshyrdy/
- Published: 2024-01-25T04:05:30.000Z
- Updated: 2024-01-25T04:05:29.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Гранттар жана кредиттер, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаардык милициясына кызматтык үч электромобиль тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББсинин басма сөз кызматы билдирирди.**

Унааларды Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ тапшырган.

> «Электромобилдер КР Ички иштер министрлиги менен Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана өз ара аракеттенүү жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында, Бишкек ШИИББнын финансылык-техникалык жактан камсыз кылууну күчөтүү, туристтердин жана чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тапшырылды», - деп белгиленди маалыматта.