Кореянын элчилиги Бишкектин милициясына үч электромобилди тапшырды

Бишкек шаардык милициясына кызматтык үч электромобиль тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББсинин басма сөз кызматы билдирирди.

Унааларды Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ тапшырган.

«Электромобилдер КР Ички иштер министрлиги менен Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана өз ара аракеттенүү жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында, Бишкек ШИИББнын финансылык-техникалык жактан камсыз кылууну күчөтүү, туристтердин жана чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тапшырылды», - деп белгиленди маалыматта.