Жети райондо DСASA долбоору боюнча объектилер тапшырылат

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Талас облусунун Айтматов районунда, Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда, инфраструктуралык долбоор DCASAнын 2-этабы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу «Кыргызтелеком» билдирди.

Объекттерди 2024-жылдын январь айынын аягына чейин тапшыруу пландалууда.

Бүгүнкү күндө «Кыргызтелеком» ААК негизги подрядчы катары 128 айыл округун оптикалык була кабели менен камсыздап, жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырууга даярдады, анын ичинде алыскы аймактар да бар.

DСASA долбоору аймактагы кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган жана азыртадан эле оң натыйжаларды көрсөтүүдө.