Корея Оштун өрткө каршы-куткаруу бөлүгүн курулушун каржылап берди
Ош шаардык башкармалыгына караштуу №85 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы салынган имараты ачылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Ачылган имарат жаңы авариялык-куткаруу унаасы, атайын шаймандар менен жабдылган.
Заманбап ӨККБнын имаратын куруу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана KOICA – Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин ортосундагы кызматташуусунун алкагында ишке ашып, Корея өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен курулду.