Кытайлык Sejin Jianyi Ошто таштанды газынан электрэнергиясын өндүрүүгө кызыкдыр

2024-жылдын 26-январында экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов менен Sejin Jianyi компаниясынын төрагасы Кюнгёнг Ли мырзанын жолугушусу өттү. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Кюнгёнг Ли мырза Ош шаарына жана Ош шаарындагы таштанды таштоочу жайларга болгон иш сапары жана Ош шаарында таштанды газын пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу мүмкүндүгү тууралуу маалымдады.

Тараптар артыкчылыктуу болуп саналган бул долбоор боюнча кыргыз тарапка колдоо көрсөтүү чараларын, ошондой эле Тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну ишке ашыра ала турган башка багыттарды жана потенциалдуу долбоорлорду талкуулашты.

Маалымат иретинде:

Sejin G&E компаниясы таштандыдан энергия өндүрүүгө адистешкен жана глобалдык жылуулуктун негизги себептери болгон метан жана көмүр кычкыл газынын эмиссиясын азайтып, электр энергиясын өндүрүү үчүн энергия булагы катары калдыктарды колдонуу менен туруктуу өнүгүүгө салым кошуу менен иштейт.