Кыргызстан менен KOICA биргелешкен долбоорлор тууралуу талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) КРдагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Жонгсу менен жолугушту. Бул тууралуу минкаб билдирди.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында маселелерин талкуулашты.
 
«Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги мамлекеттик процесстерди санариптештирүүгө, айыл чарбасын өнүктүрүүгө, өрт-куткаруу кызматтарын өнүктүрүүгө, ошондой эле КРнын мамлекеттик кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга чоң салым кошту», - деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.
 
Өз кезегинде Ли Чонсу биргелешкен долбоорлордун учурдагы абалы тууралуу айтып, эки тарапты кызыктырган бардык багыттар боюнча кызматташууну арттырууга даяр экендигин билдирди.