Кумтөр Жети-Өгүз районунда тамчылатып сугаруу системасын каржылады

«Кумтөр Голд Компани» Жети-Өгүз районунда тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүүгө 2.6 млн сом бөлдү бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айыл аймагына 2.6 млн сом өлчөмүндө каржылык жардам көрсөттү.

Каржылык колдоо «Кызыл-Суу агро өнөр жай комплекси» муниципалдык ишканасына караштуу 30 гектар жер аянтына тамчылатып сугаруу системасын орнотууга багытталды.

Бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу кошумча жумуш орундарын түзүү менен жергиликтүү дыйкандарга сапаттуу продукция өндүрүү мүмкүнчүлүгү жаралмакчы.