Баткендик 30 ишкер-айымга 2.6 млн сомдук грант берилди
Чек арада жайгашкан Баткен районунун Актатыр, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Сай айыл аймактарындагы 30 аял, атайын окутуулардан өтүп, өз ишкердигин баштады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14 ишкер тигүүчүлүк боюнча, 1 мототакси кызматын уюштуруу, 2 малина өстүрүү, 2 азык-түлүк дүкөнүн ачуу, 8 кондитердик азыктарды даярдоо, 3 сүт азыктарын сатуу багытында ишкердик менен алектенип жатышат.
Аялдардын ишкердиги «Баарлашуу, ишеним, укук» Коомдук Бирикмеси тарабынан колдоого алынып, жалпы 2 млн 610 миң сомдук грант берилген.
Аталган бирикме бул иш аракетти, Баткен облусунун чек ара аймактарында чыр-чатактан кийинки калыбына келтирүүгө жана тынчтык орнотууга аялдардын катышуусун күчөтүүгө багытталган «Аялдар тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында ишке ашырды.
Долбоор Баткен облусунун чек ара аймактарындагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга, аялдардын лидерлигине үйрөтүү, бизнес долбоорлорду иштеп чыгуу жана баштоо, ошондой эле жергиликтүү тынчтык демилгелерин көтөрүүгө багытталган.