Түркиялык Battal Holding медицина тармагында инвестициялык долбоорду ишке ашырууга даяр

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкарадагы Battal Holding фармацевтикалык компаниясынын жетекчиси Мехмет Берат Баттал менен жолугуп, компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу м инкаб билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Battal Holding компаниясы жаңы өнөктөштүк мамилелерди түзүү максатында Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жана саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууну түзүү маселесин карап жатканын айткан Мехмет Берат Баттал Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун ачууга жана андан ары Кыргызстан менен коңшулаш мамлекеттерге экспортко чыгууга даяр экенин билдирди. 

Ал эми Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын аймагынан завод курууга жер бөлүп берүүгө, салык жана электр энергия жагынан жеңилдиктерди берүү сыяктуу ар тараптуу кызматташууга кызыктар экенин айтып, компания жетекчилигин Кыргызстанга келип кетүүнү сунуштады. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен түрк фармацевтика жана сыворотка өнөр жай акционердик коомунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.