Айылды суу менен камсыздоо долбооруна 21 млн доллары сарпталган

2019-2023-жылдар аралыгында «Айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны жакшыртуу» долбооруна 21 млн доллары сарпталган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. 

Такталгандай, «Айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны жакшыртуу» долбоорунун алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын кредиттик каражаттарынын эсебинен каржылануучу Жалал-Абад облусунун 10 айылында (28 303 адам үчүн) жана 24 мектепте (14 694 окуучу үчүн) суу менен камсыздоо жана санитария системаларынын курулушу аяктады.

Суу менен жабдуу өндүрүшүнүн электрдик жана механикалык түзүүчүлөрүн (скважиналар, суу чыгаргычтар ж.б., ошондой эле дезинфекция жана насостук жабдуулар) кошуп алганда суу менен жабдуунун жана санитариянын иштеп жаткан системаларын

реабилитациялоо жана жаңыларын куруу, ошондой эле долбоордук зоналардагы үй чарбалары үчүн берүү жана бөлүштүрүү (тармактар, резервуарлар, суу өлчөгүчтөр) жүргүзүлдү. Суу менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгү жана айылдык жамааттардагы тургундардын башка орчундуу маселелерин чечүүдө техникалык жардам көрсөтүү

максатында суу менен жабдуу системаларын пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн 42 комплект жабдуу жана 8 бирдик экскаватор, бульдозер атайын техникалары жеткирилди.

 6 айылда (35 495 адам үчүн) суу менен камсыз кылуу системасынын курулушу аяктады.

2023-жылы техникалык жардам көрсөтүү жана айыл тургундарын суу менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгү жана сапаты көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында 1 даана чакан экскаватор жеткирилди.