Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоосуна 22.4 млн швейцариялык франкы өздөштүрүлдү

Кыргыз Республикасы менен SECO (Швейцария) ортосундагы «Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо» долбоору боюнча макулдашуунун алкагында 24.7 млн швейцариялык франк суммасында гранттык каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында электр энергиясынын өндүрүмдүүлүгү жогорулап, электр станциясынын техникалык жоготуулары азайды.

ГЭСтин белгиленген кубаттуулугу 14% га чейин жогорулатылган. Станциянын коопсуздугу бекемделип, иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узартылган.