Чүйдө автоунаа чыгаруучу ишкананын курулушу башталды

Чүй облусунун Сокулук районунда автоунаа чыгаруучу жана сатыкка алып чыгуу боюнча ишкананын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. 

Долбоордун негизги ишмердүүлүгү электромобилдерди, коммерциялык, жеңил автоунааларды, атайын техниканы чогултууга, ошондой эле транспорт каражаттарын жана тиешелүү продукцияларды эл аралык сатыкка алып чыгууга багытталган.

Ишкананы куруу жана ишке киргизүү министрлер кабинети, жергиликтүү ишканалар тарабынан China Hubei Zhuoyue Group кытай компаниясы менен биргеликте ишке ашырылат. Биринчи этаптагы инвестициялык көлөмү 115 млн долларын, долбоордук кубаттуулугу - жылына 80 миңден ашуун автоунааны түзөт.