Бишкек – Ош автожолунун 630 чакырымына 456.7 млн акш доллары жумшалган

Бишкек – Ош автожолунун 630 чакырымына 456.7 млн акш доллары жумшалган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын бириктирип, бирдиктүү экономикалык жана саясий мейкиндикти түзгөн Бишкек-Ош автожолу Борбордук Азиянын беш мамлекетинин чегинде да, Түштүк Азия субконтинентинин он мамлекетин бириктирген Экономикалык Кызматташтык Уюмунун мамлекеттеринин алкагында да эл аралык транспорттук интеграция процессине активдүү катышууда.

Бишкек-Ош унаа жолун реабилитациялоо Кыргыз Республикасындагы жол инфраструктурасын өнүктүрүү жаатындагы биринчи долбоор болуп эсептелет.

Жалпысынан бүгүнкү күндө Бишкек-Ош автожолундагы долбоорлордун төрт фазасынын алкагында 456.7 млн АКШ доллары тартылып, 630 чакырым жолу реконструкцияланган.

Алар:

·      өкмөт – 80.8 млн доллары;

·      Тышкы донорлор – грант 35 млн, кредит 341.7 млн доллар (АӨР, JICA, Япония, ИӨБ, ЕАӨБ).