Корея менен Кыргызстан инвестициялар тууралуу маселелерди талкуулашты

Сеулда Финансы министринин биринчи орун басары Р. Сүйналиев менен Кореянын Эксим Банкынын улук аткаруучу директору (коллегия мүчөсү) Хванг Киёндун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Жолугушууда инфраструктура, өнөр жай, транспорт жана энергетиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Отурумдун жүрүшүндө министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыты катары жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча негизги маселелер, анын ичинде жашыл экономиканы финансылык жөнгө салуунун негизги инструменттерин ишке киргизүү маселеси талкууланды.

Эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн тараптар туруктуу экономиканы түзүү стратегиясын ишке ашырууда жаңы инструменттерди жана каржылоо механизмдерин киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

Белгилей кетсек, КРнын Эксим Банкы менен өлкөнүн ар кайсы тармактарында кызматташууну кеңейтүү өлкөнүн экономикасынын стратегиялык жана маанилүү тармактарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.