Кыргызстан менен Корея кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кореянын элчиси Ли Вонджэ менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-корея кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты.

Элчи кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду колдоого даяр экенин айтты.

Соңунда президенттин администрациясына техникалык жардам көрсөтүү актысына кол коюу аземи болуп өттү.