Россия «Чалдовар» ЖЭБин курулушуна жардам берет

Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Россиянын  энергетика министри Николай Шульгинов «Чалдовар» жылуулук элекстр станциясынын курулуш долбоору боюнча кызматташуу, өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Документ «Чалдовар»  жылуулук элекстр станциясынын курулуш долбоорун ишке ашыруунун алкагында кыргыз-орус ыйгарым укуктуу уюмдарынын кызматташуусуна багытталган, ошондой эле КРнын аймагында генерациялоочу кубаттуулуктарды модернизациялоо жана куруу жаатында башка келечектүү долбоорлорду иштеп чыгууга багытталган.