Дүйнөлүк банк жаратылыштын тобокелдиктерин азайтууга 52.4 млн доллар берет

2024-жылдын 2-апрелинде, Дүйнөлүк банк тарабынан жалпы суммасы 52.4 млн доллар түзгөн «КРда ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Министрлер кабинетинин атынан макулдашууга КР финансы министри Алмаз Бакетаев, ал эми Дүйнөлүк банкы тарабынан Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова кол коюшту.

Долбоор селдердин жана мөңгүлөрдүн жашоо каражаттарына жана жердин азайышына кыска мөөнөттүү узак мөөнөттүү таасирин азайтуу максатында натыйжалуу жана туруктуу мониторинг жүргүзүүгө багытталат.

Ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча долбоор климаттын өзгөрүшүнүн табигый кырсыктарга тийгизген таасирин азайтууга, селден жана суу ташкындарынан экономикалык жоготууларды кыскартууга жана аялуу жамааттардын туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле 9 500дөн ашык короо-жайлар, 2 754 кожолук, 7 828 га айыл чарба жерлери жана көптөгөн социалдык объекттерди коргоого мүмкүндүк берет.