Папан суу сактагычына кыйталык ишкана чакан ГЭС куруп берет

Ош облусунунда жайгашкан Папан суу сактагычына 20-25 МВтка чейинки чакан ГЭС куруу боюнча «Чакан ГЭС» ААКсы менен «Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому» ЖЧК ортосунда Макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Макулдашууга «Чакан ГЭС» ААКтын Башкы директору Н.М. Садыков жана «Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому» ЖЧКсынын башкы директору Цзян Лицзи кол коюшту.

Маалыматка ылайык, инвестициялык долбоордун көлөмү 27 миллион долларды түзөт.

Ошондой эле аталган компания КРнын бардык мыйзамдарын сактоого милдеттенме алды.