> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ушул жылдын 9 айында 797 миң адам 63 млрд сом микрокредит алган
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2025/11/26/ushul-zhyldyn-9-aiynda-797-min-adam-63-mlrd-som-mikrokriedit-alghan/
- Published: 2025-11-26T04:10:19.000Z
- Updated: 2025-11-26T04:10:18.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Гранттар жана кредиттер, Коом

**Ушул жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 63 млрд сомдон ашык суммада кредит берилди. Бул кредиттердин алуучуларынын саны 797 миң адамга жакын болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.** 

> Муну менен бирге, микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,2%га кыскарган, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү тескерисинче 33,6%га өскөн.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/--------------------------2025-11-26----10.07.51.png)

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына (жалпы санынын 32,5%ы), Ош облусуна (16%), Жалал-Абад (13%дан ашык) жана Чүй (11%га жакын) облустарына туура келди.

> Кредиттин эң көп суммасы да ушул аймактарга багытталды. Бишкек шаарынын алуучуларына берилген микрокредиттер жалпы көлөмдүн 28%ын түзсө, Ош – 16%, Жалал-Абад – 14% жана Чүй – 13%дан ашык бөлүктү түздү.

Кредиттердин максаты боюнча жалпы көлөмдүн 62%дан ашыгы керектөө муктаждыктарына, 15%дан ашыгы айыл чарбасын өнүктүрүүгө, 9,5%ы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө багытталды. Өткөн жылга салыштырмалуу керектөө муктаждыктарына берилген микрокредиттердин үлүшү 9,7%дык пунктка көбөйсө, айыл чарбасына берилген кредиттердин үлүшү 4,6%дык пунктка кыскарган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/--------------------------2025-11-26----10.08.09-1.png)