> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл дыйкандарга 1666 техника лизинг аркылуу берилди
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2026/05/18/byiyl-dyikandarga-1666-tekhnika-lizing-arkyluu-berildi/
- Published: 2026-05-18T06:27:45.000Z
- Updated: 2026-05-18T06:27:44.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Гранттар жана кредиттер

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдү заманбап айыл чарба техникалары менен камсыздоо жана машина-трактордук паркты жаңылоо багытында системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси жана Министрлер Кабинетинин колдоосу менен “АБанк” жана “Элдик Банк” аркылуу 7 лизинг долбоору ишке ашырылып келет.

> *Долбоорлордун алкагында дыйкандарга жана фермерлерге айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү жабдуулары 7 жылдык мөөнөткө, жылдык 6 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген шартта лизингге берилүүдө.*

Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик колдоонун негизинде жалпы суммасы 33 миллиард сомду түзгөн 11 629 даана техника дыйкандарга өткөрүлүп берилди. Анын ичинде 2026-жылы 4,9 миллиард сомго 1666 даана техника лизинг аркылуу берилген.