> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токой чарбасын калыбына келтирүү үчүн  112,1 млн сомдук гранттык келишимге кол коюлду
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2026/05/19/tokoi-charbasyn-kalybyna-keltiruu-uchun-112-1-mln-somduk-granttyk-kelishimge-kol-koiuldu/
- Published: 2026-05-19T08:58:09.000Z
- Updated: 2026-05-19T08:58:08.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Гранттар жана кредиттер

**Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Марсбек уулу Илич токой чарбаларын колдоо максатында техникаларды жана жабдууларды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, иш-чара “Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ” долбоорунун алкагында Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду – IFAD жана Адаптациялык фонддун колдоосу менен ишке ашырылды.

Долбоордун алкагында Кара-Кулжа жана Ош токой чарбаларына, Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркы жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети үчүн көчөт өстүрүү, токойлорду калыбына келтирүү жана экосистемаларды сактоо иштерине керектүү заманбап техникалар тапшырылды.

> *Жалпысынан мамлекеттик мекемелер менен көчөтканаларды өнүктүрүү боюнча 49,7 млн сомдук гранттык макулдашуулар түзүлдү. Мындан тышкары, 18 токой чарбасы менен 1522 гектар аянтта токойлорду калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн 112,1 млн сомдук гранттык келишимдерге кол коюлду.*

Долбоордун алкагында өлкө боюнча 2500 гектар аянтта токойлорду калыбына келтирүү жана токой өстүрүү иштери жүргүзүлөт.