> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кургак учукка каршы 24 млн доллар грант алынган
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2026/06/17/kurgak-uchukka-karshy-24-mln-dollar-grant-alyngan/
- Published: 2026-06-17T11:18:21.000Z
- Updated: 2026-06-17T11:18:20.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Гранттар жана кредиттер

**17-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2025-жылдын 22-сентябрында Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарында кол коюлган Министрлер Кабинети менен кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун ортосундагы алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.**

Жыйында баяндама жасаган саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова белгилегендей, долбоордун милдети Глобалдык фонддун гранттарынын Башкы реципиенти функцияларын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү болуп саналат. Мында аталган макулдашууну ратификациялоо Кыргызстанда эл аралык келишимдин ченемдерин, анын ичинде Кыргызстандын Салык кодексинин 3-беренесинде каралган салыктык жана бажылык преференцияларды колдонуу үчүн укуктук негиздерди түзөт.

> *“Кыргызстанда Глобалдык фонддун гранттарынын ишке ашырылышы 2004-жылы башталган. 2004-2023-жылдардын аралыгында өлкө кургак учукка каршы күрөшүү боюнча жалпы 180 млн долларга жакын суммадагы гранттарды алган. Учурдагы 2024-2026-жылдар гранттык циклинин алкагында Кыргызстанда Глобалдык фонд тарабынан 24 млн доллар бөлүнгөн”, – деди баяндамачы.*