> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Социалдык контракт: Биринчи май районунда 22 үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилди
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2026/08/14/sotsialdyk-kontrakt-birinchi-mai-raionunda-22-ui-bulogo-150-min-somdon-berildi/
- Published: 2026-08-14T10:32:49.000Z
- Updated: 2026-08-14T10:32:48.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Гранттар жана кредиттер

**Биринчи май районунун муниципалдык администрациясында социалдык контракт боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.**

Райондук администрациядан билдиришкендей, жыл башынан бери социалдык контракт боюнча 38 арыз түшкөн. Анын ичинен 22 үй-бүлөгө 150 миң сомдон каражат бөлүнгөн.

> Мындан тышкары, 8 арыз кайра кароого калтырылып, дагы 8 арыз талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу четке кагылган.

2026-жылга Биринчи май району боюнча социалдык контракттын алкагында 33 квота каралган.

Белгилей кетсек, социалдык контракт боюнча иштер Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомунун негизинде жүргүзүлүүдө.

> Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, “Социалдык контракт” аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого, туруктуу киреше булактарын түзүүгө багытталган. Контракт түзгөндөр өз ишин ачуу же өнүктүрүү үчүн каржылык жардам алышат.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/-----66.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/----4-36.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/----2-46.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/----3-50.jpeg)