> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаштардын 10 долбооруна 200 миң сомго чейинки гранттар берилди
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2026/08/14/zhashtardyn-10-dolbooruna-200-min-somgo-cheiinki-granttar-berildi/
- Published: 2026-08-14T04:48:14.000Z
- Updated: 2026-08-14T04:48:13.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Гранттар жана кредиттер

**13-августта "Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.**

Иш-чарада министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков мыкты деп табылгандарга 200 миң сомго чейинки каржылык колдоо көрсөтүлгөн гранттык сертификаттарды тапшырды.

> Маалыматка ылайык, конкурстук комиссиянын чечими 11-июлда кабыл алынган. Анын жыйынтыгында 10 долбоор жеңип чыккан.

***Алар:***

1\. Бегалы Мейлишов — "Fulcrum" фестиваль-кароо-сынагы;  
2\. Артур Камил уулу — "Bilimai.kg" кароо-сынагы;  
3\. Жумакан Убайдуллаева — "БАЛДАР ДҮЙНӨСҮ" балдардын чакан куурчак театры;  
4\. Адеми Эсенбекова — "Алтын уюк" бал өндүрүү долбоору;  
5\. Жылдызбек Кабылбек уулу — "Житит жолу";  
6\. Алия Достаналиева — "100 лучших волонтеров Кыргызстана";  
7\. Нуркалый Масалбеков — "Учителя будущего Кыргызстана";  
8\. Айана Матисаева — "2026 Boys for Boys" лагери;  
9\. Рамис Баянов — "Ата Мекен Баатырлары";  
10\. Кубанычбек Ашымов — "Жаш акын" кароо-сынагы.

> Министрликтен билдиришкендей, демилгелер жаштардын руханий, адеп-ахлактык баалуулуктарын бекемдөөгө жана интеллектуалдык, чыгармачылык дараметин ачууга багытталган.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/768207022_1387611576658057_8325681919103801488_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/772773186_1032725119390241_2706491414574329306_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/773232696_1411809667539887_6566600553227103372_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/773483485_1019697134398088_1532799459105308936_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/773379020_1434394541855943_5781821358777069226_n.png.jpeg)