«Кооперативдер - турак жай маселесин чечүүнүн жолубу же көйгөйбү» - тегерек стол
Economist.kg «Кооперативдер — турак жай маселесин чечүүнүн жолубу же көйгөйбү» деп аталган темада тегерек стол өткөрдү. Анткени ИИМдин маалыматы боюнча өткөн жылы 1.5 миң жаран турак жай кооперативдеринен жабыркап, ал эми келтирилген чыгым дээрлик 2 млрд сомго жеткен.
Тегерек стол кооперативдердин ишмердүүлүгүн талкуулоого кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн: кооператив өкүлдөрүнүн, эксперттердин, мамлекеттик органдардын жана жабырлануучулардын катышуусунда өттү.
Ушул теманын алкагында Economist.kg тегерек столдун катышуучуларына суроо узатып, кооперативдердин ишмердүүлүгүн кайсы бир мамлекеттик орган көзөмөлдөш керекпи же жокпу, дегеле кооперативдер чындап эле маселенин чечүүнүн жолубу деген суроолорго жооп алууга аракет кылды.
Кыргызстандагы Кооперативдер бирикмесинин төрайымы Айнура Иманбекованын айтымында, Кыргызстанда калк, бийлик кооперативдердин табиятын дагы деле түшүнүшө элек, бирок бул дүйнөлүк тажрыйбада ийгиликтүү колдонулуп келет.
«Турак жай кооперативи боюнча бизде түшүнүк жокко эсе. Биз кооперативдин табиятын түшүнбөй жатабыз. Дүйнөлүк тажрыйбадан үйрөнүшүбүз керек. Башка өлкөлөрдө кооперативдер мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынып, колдоо көрсөтүлүп, пайдаланылып келе жатат. Мисалы, Германиянын согуштан кийин калыбына келишине так ушул турак жай кооперативдеринин жардамы тийген.
Бизде да элибиздин кызыкчылыгы үчүн Кыргызстанга дал келе турган форманы таап, ошого ылайык мыйзам иштеп чыгып, аны колго алып, көзөмөлдөө жүргүзүп, ачык-айрым иш алып барышыбыз керек», — деди ал.
Иманбекова ошондой эле турак жай кооперативдерин өнүктүрүү жакшы нерсе экенин, элдерди турак жай менен камсыз кылууда мамлекеттик саясат болуш керектигин билдирди.
Ал эми «Бест-Вэй Элет» турак жай курулуш кооперативинин кеңешинин мүчөсү жана эксперт Кубан Чороев мамлекет убагында тиешелүү мыйзамдарды кабыл албаганын айтат. Ошондой эле ал мамлекет кээ бир учурда кооперативдердин ишине бут тосконун да белгилеп өттү.
«Мен Кыргызстанда алгачкылардан болуп ачылган турак жай кооператив кеңешинин мүчөсүмүн. 2019-жылы биздин кооперативге эч ким арызданган эмес, жакшы иштеп жатканбыз. Бирок, Улуттук банк финполго «ушундай кооператив иштеп жатат, көзөмөлгө алып карап көргүлө» деген сөзү менен кайрылгандыктан, кооперативге иш козгоп, 2019-жылдан 2020-жылга чейин бир жылдан ашык текшерди. Эч кандай мыйзам бузуу болбогондуктан, 2020-жылы ишти жабат. Бирок, иш жабылса да, кезекте турган адамдардын кооперативдин банктагы эсебиндеги 50 млн акчасын арестке коюп койду. Азыркы күнгө чейин чыгарбай убара кылышууда. Бул өзү негизсиз, мыйзамга туура келбеген иш. Мунун кесепетинен 20 чакты киши үй ала албай, кечиктирилүүдө. Ошондуктан мамлекеттик органдар да кооператив эмне экенин, мыйзамда кандай жазылганын жеткиликтүү билиш керек.
Муну саясий партиялар менен салыштырса болот, эл ыктыярдуу биригип, өзүн өзү башкарат. Ал эми мамлекеттик органдар ал жакка келип, алардын ишине кийлигишпейт. Убагында мамлекеттик органдар кооперативдердин ишин жакшыртуу үчүн зарыл мыйзамдарды кабыл алган эмес», — деп белгиледи Чороев.
Тегерек столдун дагы бир катышуучусу «Келечек» турак жай кооперативинин жетекчисинин орун басары Адилет Абылканов турак жай курулуш кооперативдери өз мүчөлөрүнө үй алып берүүнүн белгилүү бир мөөнөтүн атап туура эмес кылышууда жана мындай туура эмес тактика кээ бир учурда социалдык жарылууга алып келүүдө.
«Кооперативдер 1-мартта батир беребиз деп убада кылышууда. Ал эми февралдын ортосунда өз каражатын кошкон адам азыртан эле кыймылсыз мүлк издей баштайт. Март айында үй алам деп күтөт, бирок бул мүмкүн эмес да», — дейт Абылканов.
Ал ошондой эле кооперативдерди башкарууну аттестациядан өткөрүү зарылдыгын, бул кызматка тиешелүү билими бар адамдар келиши керектигин, ошондой эле алардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында кооперативдин бардык финансылык операциялары банктар аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш экенин баса белгиледи.
Юстиция министрлигинин Юридикалык жактарды каттоо жана күрөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Урмат Акулуев Юстиция министрлигинин компетенциясына турак жай-курулуш кооперативдеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө функциялары кирбей турганын жана жарандар өз аракеттерине өздөрү жоопкерчиликтүү экенин эске салды.
«Азыркы мезгилде 4 миңден ашуун кооперативдер бар, андан 221 кооператив каттоодон өткөн.
Коммерциялык эмес кооперативдерде көйгөйлөр бар. Бул жерден жабыр тарткандар бизге келип: «Силер лицензия бериптирсиңер», — деген дооматтарды коюшат. Бирок биз, Юстиция министрлиги, мыйзам боюнча иш алып барабыз. Каттоочу орган катары тиешелүү документтерди алып келишсе, юридикалык жактан туура болсо, каттап гана беребиз.
Мыйзамда кандай талаптар каралса, уставда да ошондой көрсөтүлүшү керек. Ал эми турак жай кооперативдерин көзөмөлдөө, текшерүү биздин компетенцияга кирбейт. Ар бир жаран өзү документ иштерине кол коё турган учурда кылдаттык менен таанышып чыгуусу зарыл. Ал эми ар кандай түшүнүксүз суроолор болгондо, Юстиция министрлигинин алдында суроолорго жооп берүүчү кишилерге, аймактык башкаруу кызматкерлерине акысыз кайрылсаңыздар болот», — деди Акулуев.
Жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары Кыргызстанда жылына 60-70 миң үй-бүлө курулса, мамлекеттин күчү 1 миң эле үй курууга жетерин, ошондуктан мамлекет кооперативдер тууралуу мыйзамды кайра иштеп чыгып, аларга колдоо көрсөтүүсү керектиги айтылды.
Ошондой эле кооперативдер айланткан акча ачык-айкын жүрүп, алардын жүгүрткөн каражатынын көлөмүнө, мүчөлөрүнүн санына жараша бир канчага бөлүнүп, кичинелерин Кооперативдер биримдиги, чоңдору кайсы бир мамлекеттик органдын көзөмөлүндө болсо, алардын ишмердүүлүгү көзөмөлдө болору тууралуу сөз болду.