Бишкекте өзүм билемдик менен басып алынган 10 миңден ашык тилкелерге техникалык паспорттор берилди

2023-жылдын апрелинин аягына карата Бишкек шаары боюнча өзүм билемдик менен басып алынган участокторго 10 миң 744 техникалык паспорт берилген. Бул тууралуу «Кадастр» кызматы билдирди.

Такталгандай, участоктор төмөнкү райондордо жайгашкан:

  • Ленин району – 2 392;
  • Биринчи май району – 4 859;
  • Свердлов району – 3 006;
  • Октябрь району – 487.

Эскерте кетсек, техникалык паспорт берүү мыйзамдаштырууга укук бербейт

Жер участокторуна менчик укуктарын каттоо жүргүзүлөт:

  • өзүм билемдик менен курулган жеке турак үйлөр;
  • которуу (трансформациялоо) жөнүндө же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарын же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары укук мурастоочусу болуп саналган органдарды берүү жөнүндө тиешелүү чечимдери барлар;
  • Айыл чарба өндүрүшүндө колдонууга жараксыз;
  • бөлүнгөн жер үлүштөрүнө айыл чарбалык максаттуу багыттагы жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары барлар;
  • багбанчылык-дачалык участоктор.

Бирок Кыргызстанда өзүм билемдик менен курулган участоктордун баары эле мыйзамдаштырылбайт.