Tez Jet Бишкектен Раззаковго авикаттамдын санын көбөйтөт

Tez Jet авиакомпаниясы 2023-жылдын 16-майынан тартып, Бишкек-Раззаков-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту билдирди.

Такталгандай, чуулар жумасына эки жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

Буга чейин жумасына бир жолу – ишемби күндөрү каттап турган.