Баш калаада унааларды кубаттоочу 60 станция орнотулат
Бишкекбашкыархитектура жана Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан 60 станцияга уруксат берүүчү документтерди иштеп чыгуу иши аяктады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Такталгандай, «Бишкекбашкыархитектура» ММнын башкы инженери Махабат Шамбетова өз сөзүндө Бишкекбашкыархитектура жана Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан 60 станцияга уруксат берүүчү документтерди иштеп чыгуу иши аяктагандыктан процессти тездетүү зарылдыгы тууралуу айтып берди.
Ошондой эле, ведомстволордун жыйынында унаа токтотуучу жайды бренддөө жана тиешелүү белгилерди орнотуу маселеси талкууланды.