Чет элдик жаран салыкчыга 150 миң сомдук пара берип жаткан жеринен кармалды

УКМКнын кызматкерлери чет элдик жаран салыкчыга 150 миң сомдук пара берип жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кармалган К.А. чет элдик жараны кампалардагы товарлардын калдыктарынын суммасын азайтуу максатында Салык кызматынын кызматкерине 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылган.

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.  учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.