Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери башталат - ФОТО

Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында беш чоң долбоор башталды. Аларды ишке ашыруу үчүн Бүткүл дүйнөлүк банк $6 млн бөлүп берген Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.

Курулуш иштери Нурматов көчөсүнөн баштап Навои көчөсүнө чейинки аралыкта жүрөт. Долбоор  1 жылдын ичинде ишке ашырылат.

Мындан сырткары, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча учурда жалпысынан беш долбоор каралган. Алар:

  • Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө (2-этап);
  • С. Ибраимов атындагы Улуттук Драма театрынын айланасын оңдоп-түзөө;
  • А. Навои эс алуу жайынын бир бөлүгүнө атайын эс алуу аймагын куруу;
  • Т. Сатылганов атындагы эс алуу багындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө;
  • Борбордук аянттагы фонтан.

Аталган курулуштар КРнын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) аркылуу тендерге берилген.

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк банк Оштун инфраструктурасына $6 млн гранттык негизде долбоорду ишке ашырууга бөлүп берген.