Тоңдо 150-орундук мектептин курулушу башталды – сметалык баасы 113 млн сом
Тоң районунун Жер-Үй айылындагы 150 орундуу мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынып, курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.
Такталгандай, аталган билим берүү мекемесинин имараты 1980-жылдары ашар жолу менен курулган.
Азыркы учурда эскилиги жеткен мектепте 153 окуучу билим алууда. Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы сметалык баасы 113 млн сомго бааланган.