Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун бир тилкесининде асфальтталды
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Эпкин айылынан Башкууганды айылына чейинки тилкесинин 21 чакырымына асфальт төшөлдүю. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Эпкин айылынан Башкууганды айылына чейинки участкасынын 21 чакырымына асфальт-бетон төшөө иштери аяктады. Анын 16 чакырымы 2022-жылы асфальтталса, 5 чакырымына быйыл май айында асфальт төшөлдү.
Эске салсак, жолдун курулушу Азия өнүктүрүү банкы жана өкмөтү тарабынан каржыланат жана Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолун куруу долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.