Кумарканалар бюджетти 126 млн сомго толуктады

Кумарканалардан жана букмекердик кеңселерден мамлекетке түшкөн киреше 126 млн сомду түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров маалымдады.

Кызматтын маалыматы боюнча, буга чейин Кыргызстанда төрт букмекерлик кызматка жана бир казиного лицензия берилген.

«84 миллион сом казинолордон, 42 млн сом букмекердик кеңселерден түшкөн», — деп түшүндүрдү Пирназаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев миллиарддаган кирешелер мурда убадаланганын эске салды.

Economist.kg бул суммалар оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгүнөн түшкөн салыктык кирешелер эмес, азырынча лицензияларды сатуудан түшкөн кирешелер экенин белгилейт.