2022-жылы сот аткаруучулар бюджетке 390 млн сомду өндүрүп берген
Былтыр сот аткаруучулар 390 млн сом өндүрүп берген. Бул тууралуу Сот департаментинин директору Медербек Сатыев ЖК депутаттарына кабарлады.
Анын айтымында, 2022-жылы департаментке 344 миң аткаруу барагы түшкөн. Алардын суммасы 12.8 млрд сомду түзгөн, бирок сот аткаруучулар 390 млн сомду гана өндүргөн.
Ал эми быйылкы жылдын I-кварталында 807 млн сомго 216 миң аткаруу барагы берилген.