Баш калаадагы №18 мектептин жаңы окуу корпусунун курулушу быйыл аяктайт – Мамкурулуш

Бишкек шаарындагы №18 мектебинин 225 окуучулук орунга эсептелген жаңы окуу корпусунун курулушу 2023-жылы бүткөрүлөт. Бул тууралуу Мамкурулуш кабарлады.

Маалыматка ылайк, азыркы учурда төмөнкүлөр аткарылды: чатыры - 100%, жылытуу системасы - 100%, сырткы жасалгасы – 100%, ички жасалгасы - 100%, ички инженердик тармактары - 95%, полу-100%.

Бүгүнкү күндө тышкы жылуулук тармактарын орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат. Объекттин жалпы аянты 1544.04 м2 түзөт. Курулуш аянты 910.01 м2 түзөт. Окуу имараты 2 кабаттуу эки блоктон турат.