Бишкектин мэриясы «Аламүдүндүн» айланасын ирээтке келтирүү схемасын көрсөттү
Бишкек шаарынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан Аламүдүн базарынын айланасында автоунаалардын кыймылын тартипке келтирүү схемасы иштелип чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Такталгандай, «Аламүдүн» базарынын жанындагы (түштүк тарап) Жибек-Жолу проспектисиндеги аялдама комплексти Буденный көчөсүнөн чыгыш тарапка Жибек-Жолу боюнча автотранспорт каражаттарын токтотууга тыюу салган жол белгилерин кайра куруу менен Курманжан Датка көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейин көчүрүү пландалууда:
· Курманжан Датка көчөсү боюнча Салиева көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин автотранспорт каражаттарын токтотууга тыюу салган жол белгилерин орнотуу;
· автотранспорт каражаттарынын чыгыштан батышка жана батыштан чыгышка карай М. Жалил көчөсү боюнча Буденный көчөсүнөн Курманжан Даткага чейинки жол белгилерин кайра куруу менен кыймылын өзгөртүү;
· жол белгилерин өзгөртүп түзүү менен Жибек-Жолу проспектисинин батыш тарабындагы Жибек-Жолуна (түндүк-батыш тарабы) аялдама комплексин көчүрүү;
· Курманжан Датка көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Куликовская көчөсүнө чейин (эки тарапка) автотранспорт каражаттарынын токтошуна тыюу салган жол белгилерин орнотуу.