Бишкекте «Санарип Аймак» системасына киргизүү иштери тездетилет
Мэриянын аппаратында жарандардын учурда жашаган жери боюнча маалыматтарды «Санарип Аймак» системасына киргизүү боюнча жумушчу жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Жыйында 2023-жылдын 15-июнуна чейин жарандарды жана үй чарбаларын санариптештирүү көрсөткүчтөрүн жогорулатуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Мындан тышкары, жума сайын көрсөтүлгөн иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берилет. «Санарип Аймак» системасына маалымат киргизүүдө адистер тиешелүү аймактарды кыдырып чыгышат.