Баш калаанын бир конушунда 280 орундуу бала бакча курулууда

Бишкектин Ак-Ордо конушуна бала бакча курулууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2 кабаттуу, 280 балага ылайыкталган. Жер участогунун жалпы аянты – 0.83 га. Мекеме газ менен  жылытылат.

Имаратта таратуучу ашкана, буфет, уктоочу, жуунучу, оюн,  кабыл алуу, медициналык кабинет, бөлүм башчынын кабинети, музыкалык, гимнастикалык зал, тазалык түйүмдөрү жана техникалык жайлар жайгашат.

Учурда темир-бетон каркасы толук бүтүп, чатырын жабуу, кирпич дубалдарды орнотуу иштери жүрүп жатат.