> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кеминдеги Боролдой айылы таза суу менен толук камсыз болду – Мамкурулуш
- URL: https://im.kg/koom/2023/05/31/kiemindieghi-boroldoi-aiyly-taza-suu-mienien-toluk-kamsyz-boldu-mamkurulush/
- Published: 2023-05-31T09:30:07.000Z
- Updated: 2023-06-02T03:29:00.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-ж. 30-май күнү Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылында ичүүчү суу менен камсыздоо тутуму ишке киргизилди. Бул тууралуу Мамкурулуш билдирди.**

Такталгандай, ичүүчү суу менен камсыз болгон калктын жалпы саны 2163 адамды түзөт. Аткарылган иштердин тизмеси:

**Суу алуучу аянтча:**

· Колдонуудагы 2 скважинаны 140-145 м тереңдикте реабилитациялоо.

· 2 жаңы 22м3 / саат тереңдик насосторун орнотуу.

· Дарбазанын имаратын куруу.

· Суу тосмосун куруу.

**Суу мунарасынын аянтчасы:**

· 50 м3 суу мунарасын куруу.

· Бактерициддик орнотуу менен зыянсыздандыруу имаратын куруу.

· Көзөмөл-өткөрүү пунктунан дарбазанын имаратын куруу.

· Суу мунарасынын аянтчасынын тосмосун куруу.

**Суу берүү жана бөлүштүрүү тармагы (жалпы узундугу 14 639 м)**

· Суу өткөргүч -1200 м.

· Бөлүштүрүү тармак: 13.439 м.

**Бөлүштүрүүчү кудуктардын саны 161 бирдик.**