Суунун төмөн тарифи кызмат көрсөтүүчүлөр киреше таба албаганына себеп болууда
Суу тарифинин төмөндүгүнөн кызмат көрсөтүүчүлөр киреше таба албай келишет. Бул тууралуу 31-майда маморгандардын өкүлдөрү Бишкек суу форумунда өткөн панелдик жыйында билдиришти.
Белгиленгендей, суу менен камсыздоо жана канализация тармагында иштеген ишканалардын финансылык туруктуулугу төмөн. Мындай абал тарифтердин өздүк наркынан төмөн болушуна байланыштуу келип чыгууда.
«Көптөгөн жерлерде тарифтер амортизациялык төлөмдөрдү камтыбайт. Ал эми кызмат көрсөтүүчүлөрдүн 90%ы ушундай төмөн тарифте иштешет. Мындан улам алардын көпчүлүгүнүн кирешесин чогултуу деңгээли төмөн», - дешет маморгандардын өкүлдөрү.