> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Минкаб милициянын Чолпон-Атадагы туристтик мезгилге даярдыгын текшерди
- URL: https://im.kg/koom/2023/06/01/untitled-167/
- Published: 2023-06-01T09:50:46.000Z
- Updated: 2023-06-01T09:50:45.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Чолпон-Атанын ипподромунда ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жана Ысык-Көл облусунун ИИБдин кызматкерлерине гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Иш-чара жайкы туристтик мезгилине даярдоо жана коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланыштуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.**

Такталгандай, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.

Жапаров гарнизондук саптык кароону өткөрүү учурунда анын негизги максатына токтолуп, 2023-жылкы жайкы туристтик мезгилде коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо экенин белгиледи.

> «Жыл сайын ушул мезгилде коопсуздукка багытталган иш-чараны өткөрүп, туристтик мезгилге даярдык көрүүнү салтка айлантканбыз. Ошондуктан, бүгүн милиция кызматкерлеринин даярдыгын текшерүү үчүн гарнизондук саптык кароону өткөрүп жатабыз. Анын негизинде тынчтыкты бекем сактап, бардык аймактарда эли-журтубуздун коопсуздугун камсыздап, эс алуучуларга жагымдуу шарттарды түзүүнү - приоритет катары белгилейм. Кайсы гана өлкө болбосун, өнүгүүнүн жолу туризм экендигин жакшы билесиздер», - деди Жапаров.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/4bb26d07-6f8b-40a8-89a4-747d27523065-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/6b8d25f2-d7e1-4c8f-86f7-0a4b278aecf2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/9cd41188-ee00-49f3-b9c9-20d3358b3691.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/55d79cc5-f60f-4e6e-bac6-a11ea8298920.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/4031c148-c2d4-4841-9dab-f194d02c36ff.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/026769e3-506d-4c58-ac46-110ab169c263.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/210633cc-6fd2-44eb-95f2-c1df9e467331.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/bf725cd5-5eea-4d4c-97b3-ba3df74872e9.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/aa7719d0-1ec8-4a47-9ec2-e2974e3ce298.jpeg)