Таласта өз билемдик менен басып алынган 500гө жакын участокторго документ берилет

Талас облусунун Манас районунун тургундары өз билемдик менен басып алынган участокторго менчик укуктарын күбөлөндүрүүчү мамлекеттик актыларды алышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жерге мунапысы жарыяланган учурдан тарып Манас районунун тургундарынан аларга тиешелүү жерлерди тариздөөгө 1200гө жакын арыз түшкөн. Анын ичинен 15 өз участогуна мыйзамдуу түрдө ээлик кылууга уруксат берүүчү кызыл китеп алышты жана 500гө жакын документ тапшырууга даярдалууда.

Ал эми калгандары текшерилүүдө.