> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде 10 км аралыкка таза суу тартуу долбоору башталды
- URL: https://im.kg/koom/2023/06/07/batkiendie-10-km-aralykka-taza-suu-tartuu-dolbooru-bashtaldy/
- Published: 2023-06-07T03:35:26.000Z
- Updated: 2023-06-07T03:35:25.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен шаарынын Чет-Булак жаңы конушуна «Дүйнөлүк эмират» кайрымдуулук уюмунун колдоосу менен 10 км аралыкка таза суу тартуу долбоору ишке ашты. Бул тууралуу КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.**

Маалыматка ылайык, курулуштун жалпы суммасы 75 миң долларды түзөт. Долбоордун алкагында 1000кубдук суу кампасын куруу да каралган.

Таза суу курулушун үч айдын ичинде,сентябрь айына чейин бүткөрүү пландалган. Натыйжада Чет-Булак аймактык башкармалыгынын калкы 24 саат бою таза суу менен камсыз болот.

Курулушка Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинен да 3млн сом каражат ажыратылган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/352155844_218256647679191_5371076538342156126_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/352351112_297441862622636_6083110960778036900_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/352343746_2901032120028126_1685386875523534245_n-1.jpg)