Бишкектиктер өз районун көрктөндүрүү үчүн грант алууга мүмкүнү бар

Бишкек шаарынын тургундары грант алуу үчүн борбор калаанын акимияттарына кайрылып өз районун көрктөндүрсө болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Биринчи май району боюнча комиссиясы 15 арыздын ичинен 8 арыз 5.1 млн сомго канааттандырды.

Алсак, канааттандырылган арыздар үйдүн чатырын алмаштыруу, лифтти модернизациялоо, үйдүн фасадын жана подъездди оңдоого, ирригация төшөө иштерине тиешелүү.

Бул гранттар программанын максаты – коомдук активдүүлүктү жогорулатуу жана шаардын коммуналдык жана башка маселелерин өз алдынча чечүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү.

Грант алууну каалагандар төмөнкү даректер боюнча кеңеш алуу үчүн борбор калаанын акимияттарына кайрылса болот:

· Ленин районунун акимиаты, Чүй проспектиси №315, тел: 0 312 65-68-78;

· Октябрь акимиаты, Байтик Баатыр көч.№17, тел: 0312 57 69 91, 57-66-11;

· Биринчи май акимчилиги Жибек Жолу проспектиси №348, тел: 0312 325484 дареги боюнча;

· Чүй проспектиси №28, дареги боюнча Свердлов акимчилигинин эшиги ачык, тел: 0312 36-07-07, 0312 36-01-93.