Бишкектин мэриясынын кызматкерлери туугандары жок каза болгондордун менчигин өздөрүнө каттап сатышкан

Бишкекте кыймылсыз мүлккө документтердин негизги пакетин жасалмалоо жолу менен жеке менчикти (туугандары жана мураскерлик боюнча иши ачылбаган каза болгон кары-картаңдардын) мыйзамсыз каттоо жана кайра сатуу фактысы боюнча системалуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.

Тактап айтканда, Бишкек мэриясынын кызматкерлери тарабынан жалгыз бой карылардын (каза болгон) кыймылсыз мүлктөрү аныкталып, алардын кыймылсыз мүлкү боюнча «Кадастр»мамлекеттик мекемеси аркылуу сурамжылоо жүргүзүлүп, алардын жакындары жок экендиги, ошондой эле мураскерлик боюнча иши жоктугу такталгандан кийин, нотариустар жана «Кадастрдын» Бишкектеги шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, материалдык пайда алуу максатында, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, кыймылсыз мүлккө жасалма документтерди жасап, мэриясынын кызыкдар кызматкерлеринин биринин жакындарына кайра катталып жүргөнү аныкталды.

«Кыймылсыз мүлктү кайра каттоо жана андан кийин сатуу боюнча зарыл болгон мыйзамсыз иштер жүргүзүлгөндөн кийин, алынган акчанын суммасы бул кылмыштуу схемага катышкан адамдардын ортосунда бөлүштүрүлгөн», - деп УКМК белгиледи.

Топтолгон материалдардын негизинде жана кылмыш ишинин алкагында жеке нотариус А.Ж.С. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.