> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Көк-Жар конушунда 280 орундук бала бакчанын курулушу башталды
- URL: https://im.kg/koom/2023/06/08/kok-zhar-konushunda-280-orunduk-bala-bakchanyn-kurulushu-bashtaldy/
- Published: 2023-06-08T11:50:19.000Z
- Updated: 2023-06-09T06:26:05.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушун улантууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.**

Мектепке чейинки мекеме эки кабаттуу. Имараттын жалпы аянты - 2927 чарчы метр. Ал эми жердин аянты – 0.8 га.

Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле машыгуу залы, музыкалык зал каралган.

Учурда котлованды казуу, пайдубалдын негизин жана тирөөч дубалдарын орнотуу жумуштары аяктады.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/1686215242.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/06/1686215252-1.jpeg)