Манас проспектисиндеги жарнамаларды жайгаштыруунун эскизи иштелип чыкты

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Манас проспектисиндеги кирүү топторду, жарнамаларды, бастырмаларды алууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы Манас – Ч. Айтматов проспектилеринде жана Ю. Абдрахманов – Б. Баатыр көчөсүндө жайгашкан имараттардын фасадына жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун эскиздик долбоорун иштеп чыкты.

Манас проспектиси боюнча Чүй проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки имараттардын эскизи иштелип чыкты:

· Токтогул көчөсү, 171/1;

· Манас пр., 7,9,10,16,22,22а,26,30,34,38,40,41,41а,47,49,57,59,164;

· Москва көчөсү, 164,165;

· Токтогул көчөсү 171/1.

· Байтик Баатыр көчөсү 13,  35, Ч. Айтматов проспектиси 16.

Белгилей кетсек, зарыл болгон учурда муниципалитет ар бир имаратка жекече долбоорду иштеп чыгууну кароого даяр.