130 миң кыргызстандык турак жайларын камсыздандырды

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 129 410 жаран турак жайларын камсыздандырышты. Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен Бишкек шаарында – 1 839, Чүй облусунда – 6 827, Нарын облусунда – 3 592, Ысык-Көл облусунда – 8 331, Талас облусунда – 7 645, Баткен облусунда – 9 411, Ош облусунда – 42 060 жана Жалал-Абад облусунда – 47 262 турак жай.

Алсак, 2022-жылы Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын кирешеси – 176.2 млн сомду, таза кирешеси – 48.1 млн сомду түзгөн.

Маалым болгондой, Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы иш баштагандан бери өрт жана табигый кырсыктардан жапа чеккен 688 жаран 502 млн сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн алышкан, анын ичинде 2023-жылдын 5 айында 35 жаранга 4.9 млн сомд төлөнгөн.